Жалал-Абад облустук сотунун 2025-жылдын экинчи жарым жылдыкка түзүлгөн иш планы боюнча облустук соттун төрайымы, орун басарлары, судьялары жана соттун аппарат кызматкерлери Жалал-Абад облусунун биринчи инстанциядагы сотторуна жалпы иш алып баруусу боюнча практикалык жана методикалык жардам көрсөтүү максатында райондук жана шаардык сотторуна иш сапары менен барып келишти.
Жергиликтүү соттордун иш алып баруусу, анын ичинен иштерди тариздөө, күчүнө кирген соттук актыларга аткаруу барактарынын жазылышы, эсептик-статистикалык карточкалардын толтурулушун көрүшүп, автоматташтырылган маалыматтык системасынын киргизилиши боюнча маалымат алынды.




