Жалал-Абад шаардык сотунун төрагасы Адилет Шаршеев жана судья Асель Эсенгулова 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Жалал-Абаддагы “Ак-Жол” балдар үчүн комплекстүү реабилитациялоо борборуна барышып, балдар жана тарбиялоочулар менен жолугушту.
Жалал-Абад шаардык сотунун төрагасы Адилет Шаршеев балдар үйүнүн кызматкерлерине балдарга аяр жана камкор мамилеси үчүн ыраазычылык билдирип, балдарды майрамы менен куттуктап арналган белектерин тапшырып, Балдардын укуктарын коргоо мамлекеттин эң маанилүү милдети, ошондуктан биз, чоңдор, балдар өздөрүн бактылуу сезиши үчүн бардык аракеттерибизди кылышыбыз керек -деп белгиледи.
Жалал-Абаддагы “Ак-Жол” балдар үчүн комплекстүү реабилитациялоо борборунун кызматкерлери шаардык сотунун кызматкерлеринин балдарга көрсөтүлгөн колдоо үчүн терең ыраазычылыгын билдиришти.