Жалал-Абад шаарындагы Сот адилеттик үйүнүн конференц-залында 5-март Кыргыз Республикасынын cот кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш чара болуп өттү.
Жыйынга Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын милдеттин аткаруучусу, областтык соттун судьялары, райондук, шаардык сотторунун судьялары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана аппарат кызматкерлери катышышты.
Төраганын милдетин аткаруучу Жыпар Сабырова кесиптештерин майрамы менен куттуктап, сот кызматкерлеринин ардактуу жана сыймыктуу кесип экендигин, андыктан жоопкерчиликтүү жана принципиалдуу мамиле жасоо керектигин белгиледи.
Ошондой эле, иш чарага конок катары катышып жаткан Жалал-Абад облусунун прокурору, Жалал-Абад облусунун ОИИБнын башчысы, Кыргыз Республикасынын ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, Жалал-Абад шаарынын мэри жана башка мамлекеттик мекемелердин жетекчилери өз куттуктоолорун айтышып, бир катар судьяларды жана аппарат кызматкерлерин медаль, Ардак грамоталары жана алкыш барактары менен сыйлашты.
Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Торомаматов