Жалал-Абад облусунун сотторундагы жаңы дайындоолор
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин, Жалал-Абад облустук сотунун төрагасын, төраганын орун басарларын жана шаардык, райондук сотторунун айрым төрагаларын дайындоо жөнүндө 28-март 2025-жылдагы №72 буйругу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 8-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүн жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” Конституциялык мыйзамынын 25-беренесинин 11-пунктун жетекчиликке алып төмөндөгү судьялар дайындалды.
Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу Сабырова Жыпар Жумадиловна 2025-жылдын 28-мартынан баштап аталган соттун төрагасы болуп 5 (беш) жылдык мөөнөткө дайындалды.
Жалал-Абад облустук сотунун судьясы Джусупбекова Космира Айтакунова 2025-жылдын 28-мартынан баштап Жалал-Абад облустук соттун төрагасынын орун басары – жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиянын төрагасы болуп 5 (беш) жылдык мөөнөткө дайындалды.
Жалал-Абад облустук сотунун судьясы Султаналиев Медел Керимович 2025-жылдын 28-мартынан баштап Жалал-Абад облустук соттун төрагасынын орун басары – кылмыш-жаза иштери жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиянын төрагасы болуп 5 (беш) жылдык мөөнөткө дайындалды.
Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун судьясы Даниев Мирад Сагынбекович 2025-жылдын 28-мартынан баштап аталган соттун төрагасы болуп 5 (беш) жылдык мөөнөткө дайындалды.
Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык сотунун судьясы Айтмолдоев Бакытбек Аскарович 2025-жылдын 28-мартынан баштап аталган соттун төрагасы болуп 5 (беш) жылдык мөөнөткө дайындалды.
Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун судьясы Тилемишов Азамат Жайчыбеков 2025-жылдын 28-мартынан баштап аталган соттун төрагасы болуп 5 (беш) жылдык мөөнөткө дайындалды.
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык сотунун судьясы Кулукеева Жанайым Турдукуловна 2025-жылдын 28-мартынан баштап аталган соттун төрагасы болуп 5 (беш) жылдык мөөнөткө дайындалды.
Жалал-Абад облусунун Административдик сотунун судьясы Кудайбергенов Азис Абылович 2025-жылдын 28-мартынан баштап аталган соттун төрагасы болуп 5 (беш) жылдык мөөнөткө дайындалды.
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук сотунун судьясы Омуралиев Самат Сагынбекович 2025-жылдын 28-мартынан баштап аталган соттун төрагасы болуп 5 (беш) жылдык мөөнөткө дайындалды.