KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03722) 5 - 49 -62 г. Джалал-Абад, ул. Т. Байзакова 101
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад облусунун райондук жана шаардык сотторуна жаңы судьялар дайындалышты

04 августа 2025

Жалал-Абад облустук сот адилеттик үйүнүн жыйындар залында облустук сотунун төрагасы Жыпар Сабырова Жалал-Абад облусунун райондук жана шаардык сотторуна жаңыдан дайындалган судьялар облустук, шаардык жана административдик сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлерине тааныштырды.


Жыйында төрага Жыпар Сабырова Кыргыз Республикасынын Президенттин биринчи жолу беш жылдык мөөнөткө жана курагынын чегине жеткенге чейинки Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо тууралуу жарлыгы менен Жалал-Абад облусунун административдик сотуна Кенжебек уулу Жаныбек, Аксы райондук сотуна Колдошов Иззат Исманович, Базар-Коргон райондук сотуна Моңолбаев Жаныбек Васирович (курагынын чегине жеткенге чейин), Жалал-Абад шаардык сотунаАхматов Айбек Болотбекович, Кара-Көл шаардык сотуна Ажибраимов Эльдар Эмильевич, Ноокен райондук сотуна Жылкычы уулу Талгат, Сузак райондук сотуна Аскат уулу Мирлан, Таш-Көмүр шаардык сотуна Осмонов Өмүрбек Маматкасымович дайындалышканын билдирип, райондук жана шаардык сотторунун судьялары жана аппарат кызматкерлери менен мыйзам алкагында, негиздүү жана калыс соттук акт чыгарып иштөөгө үндөдү.


Ошондой эле облустук сотунун төрагасы Жыпар Сабырова жана облустук сотунун төрагасынын орун басары Медел Султаналиевдер райондук жана шаардык сотторуна сотто судьяларга жана аппарат кызматкерлерине жыйын өткөрүшүп,жаңыдан дайындалган судьяларды тааныштырышты.


Сот адилеттигин кынтыксыз жүзөгө ашыруусун камсыздоо үчүн аппарат кызматкерлери судьяларга мыйзамда каралган толук шарттарды түзүү менен көмөк көрсөтүүгө чакырды. Кызматкерлердин өз ишинде тактыкты, ыкчам жана убагында милдеттерин аткаруу зарылдыгын белгилеп, жаңыдан дайындалган судьяларга жооптуу жана татаал кызмат ордунда ийгиликтерди каалашты.