Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев Жалал-Абад облусуна 11-ноябрынан 13-ноябрына чейин болгон иш сапарынын алкагында облустун
баардык район, шаардык жана облустук соттун ишмердүүлүгү менен жеринен барып таанышып чыкты. Төрага Медербек Сатыев иш сапары алдында жергиликтүү сотторго
танышуу үчүн барган жерлерде каражат коротуп тамак уюштуруу жана негизсиз каражат жумшоого алдын ала катуу тыюу салган. Ошондон улам эч кандай чыгымдар орун алган
эмес жана судьялар арасында да каражат чогултуулар болгон жок.