Жалал-Абад облустук Сот адилеттик үйүнүн судьялар жана аппарат кызматкерлери ишембилик өткөрүштү.
Сот адилеттик үйүнүн жалпы жамааты ишембиликтин алкагында Жалал-Абад шаарындагы Мамыр Баатыр көчөсүн жана соттун жанаша жайгашкан аймактарын тазалап чыгышты.
Ишембилик Жалал-Абад шаарынын аймагында айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуу боюнча жарыяланган үч айлыктын алкагында өткөрүлдү.
Мындан тышкары ишембиликке Жалал-Абад областынын райондук жана шаардык сотунун кызматкерлери катышышып, соттордун карамагындагы административдик имараттардын жанаша жайгашкан аймактарын санитардык тазалоо боюнча иштер жүргүзүлдү.