Кезектеги жолугушуу Токтогул районунун А.Сүеркулов жана Кетмен-Төбө айыл аймактарында өтүп, ага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Жыпар Сабырова, облустук жана райондук мамлекеттик органдардын, мекеме-ишканалардын жетекчилери, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар аймактагы актуалдуу көйгөйлөрдү көтөрүп, ичүүчү таза суу менен камсыздоо, сугат суу маселеси, ички жолдордун абалы, заманбап оорукана жана ветеринардык клиника куруу, электр энергиясы менен камсыздоо, ошондой эле инфраструктуралык жана социалдык багыттагы маселелер боюнча сунуштарын жана кайрылууларын билдиришти.
Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Жыпар Сабырова сот тармагына байланышкан суроолорго жооп берип, жарандардын арыз-даттанууларын кабыл алды.
Белгилей кетсек, буга чейин ушундай жолугушуулар Токтогул районунун Э.Иманалиев жана Үч-Терек айыл аймактарында өткөрүлгөн. Ал эми алдыдагы күндөрү Токтогул шаарында, ошондой эле Толук жана Сары-Камыш айыл аймактарында өткөрүүлөт.




