KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03722) 5 - 49 -62 г. Джалал-Абад, ул. Т. Байзакова 101
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад облусунда эл менен жолугушуулар уланууда

01 июня 2026

Кезектеги жолугушуу Майлуу-Суу шаарында өттү. Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Жыпар Сабырова, облустук жана райондук мамлекеттик органдардын жетекчилери, облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар аймактагы бир катар көйгөйлөрдү көтөрүштү. Алардын катарында ичүүчү таза суу маселеси, жер мунапысы, ички жолдордун абалынын начардыгы, кооптуулук жараткан көпүрө, шаардык оорукана, лампа заводу, Уран калдыктары көмүлгөн жайларды коопсуз жайга көчүрүп, кайра көмүү иштери, ошондой эле инфраструктуралык жана социалдык маселелер боюнча сунуш-пикирлер айтылды.


Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Жыпар Сабырова сот тармагына байланышкан суроолорго жооп берип, жарандардын арыз-даттанууларын кабыл алды.