KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03722) 5 - 49 -62 г. Джалал-Абад, ул. Т. Байзакова 101
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад облусунда эл менен жолугушуулар уланууда

29 мая 2026

Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасынын алкагында Жалал-Абад облусунда жергиликтүү тургундар менен жолугушуулар улантылууда. Кезектеги жолугушуу Ноокен районунун Кочкор-Ата шаары жана Момбеков айыл аймагында өтүп, анда элдин көйгөйлөрүн жеринде угуу жана аларды чечүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү маселелери талкууланды.


Иш-чарага Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Жыпар Сабырова, облустук жана райондук мамлекеттик органдардын жетекчилери, облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар аймактагы бир катар орчундуу көйгөйлөрдү көтөрүштү. Алар ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык маселелери, ички жолдордун начар абалынан улам жол кырсыктарынын көбөйүшү, райондук оорукана, мектеп жана бала бакчалардын материалдык-техникалык муктаждыктары боюнча кайрылууларын билдиришти. Ошондой эле инфраструктураны жакшыртуу жана социалдык шарттарды өнүктүрүүгө байланыштуу сунуш-пикирлер айтылды.


Жолугушууда Жыпар Сабырова жарандардын сот тармагына байланышкан суроолоруна жооп берип, жарандардын арыз-даттануулары кабыл алынды.


Белгилей кетсек, буга чейин ушундай жолугушуулар Ноокен районунун Д.Садырбаев жана Э.Алиев айыл аймактарында өткөрүлгөн. Ал эми алдыдагы күндөрү Бүргөндү-Достук айыл аймагында жана Шамалдуу-Сай шаарында да өткөрүлмөкчү.