KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03722) 5 - 49 -62 г. Джалал-Абад, ул. Т. Байзакова 101
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад облусунда эл менен жолугушуулар уланууда

21 мая 2026

Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасынын негизинде Жалал-Абад облусунда жергиликтүү тургундар менен жолугушуулар улантылып, элдин көйгөйлөрүн жеринен угуу жана аларды чечүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү аракеттери жүргүзүлүүдө.


Кезектеги жолугушуу Манас шаарында өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Жыпар Сабырова катышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө шаар тургундары тарабынан ичүүчү таза суу менен камсыздоо, мектеп жана бала бакча жетишсиздиги, ички жолдордун абалы, маршруттук каттамдардын көйгөйлөрү, экологиялык маселелер, шаардык инфраструктураны жакшыртуу, ошондой эле социалдык тармактагы көйгөйлөр боюнча бир катар сунуш-пикирлер айтылды. Мындан тышкары, чет өлкөлүк студенттердин жүрүм-турумуна байланыштуу маселелер да көтөрүлүп, тиешелүү мекемелерге жарандардын кайрылуулары жеткирилди.


Жолугушуунун жүрүшүндө Жыпар Сабырова жарандардын сот тармагына байланышкан суроолоруна жооп берип, сот органдарына кайрылуунун тартиби жана жарандардын укуктарын коргоо боюнча кеңири маалымат берди.