Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасынын алкагында Жалал-Абад облусунда жергиликтүү тургундар менен жолугушуулар улантылууда. Бул жолугушууларга Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Жыпар Сабырова катышууда.
Бүгүнкү жолугушуу Сузак районунун Сузак айыл аймагында өтүп, анда жергиликтүү тургундар аймактагы бир катар көйгөйлөрдү көтөрүштү. Атап айтканда, ичүүчү таза суу, сугат суу маселеси, жер маселелери, ички жолдордун абалы, инфраструктуралык көйгөйлөр жана социалдык тармакка байланышкан маселелер боюнча сунуш-пикирлер айтылды.
Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жарандардын суроолоруна жооп берип, көтөрүлгөн маселелерди тиешелүү мекемелердин көзөмөлүнө алуу боюнча маалымат беришти.
Өз кезегинде облустук соттун төрайымы Жыпар Сабырова сот иштерине байланыштуу кайрылууларга жооп берип, жарандардын арыз-даттанууларын кабыл алды. Ошондой эле жарандардын укуктарын коргоо жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу багытындагы иштер тууралуу маалымат берди.
Белгилей кетсек, буга чейин ушундай жолугушуулар Көк-Жангак шаарында, Багыш, Көк-Арт, Кыз-Көл, Кызыл-Туу, Барпы жана С.Атабеков айыл аймактарында өткөрүлгөн. Эл менен жолугушуулар мындан ары да улантылып облустун башка шаар жана райондорунда өткөрүлөт.




