Кезектеги жолугушуу Базар-Коргон районунун Кеңеш жана Арстанбап-Ата айыл аймактарында өттү. Жолугушууга Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Жыпар Сабырова катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар аймактагы бир катар көйгөйлөрдү көтөрүштү. Алардын катарында ичүүчү таза суу маселеси, жер жана жайыт тартыштыгы, ички жолдордун абалынын начардыгынан улам автоунаа кырсыктарынын көбөйүшү, райондук оорукана, мектеп жана бала бакчалардын муктаждыктары, ошондой эле инфраструктуралык жана социалдык маселелер боюнча сунуш-пикирлер айтылды.
Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Жыпар Сабырова сот тармагына байланышкан суроолорго жооп берип, жарандардын арыз-даттанууларын кабыл алды.
Белгилей кетсек, буга чейин ушундай жолугушуулар Базар-Коргон районунун, Базар-Коргон шаары, Акман жана Сайдыкум айыл аймактарында өткөрүлгөн. Эл менен жолугушуулар мындан ары да улантылып, облус аймагындагы башка шаар-райондордо өткөрүлөт




