Жалал-Абад облустук сот адилеттик үйүнүн жыйындар залында Сот тутумунун 100 жылдыгына карата иш чара болуп өттү.
Жыйынга Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы, областтык соттун судьялары, шаардык, административдик сотторунун төрагалары, судьялар жана аппарат кызматкерлери катышышты.
Төрага Каныбек Токтосун уулу иш чараны ачып, жыйындын катышуучуларды, кесиптештерин Кыргыз Республикасынын сот тутумунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык маарекеси менен куттуктап, жооптуу кызматтарында жоопкерчиликтүү мамиле жасоо керектигин белгиледи.
Андан соң сот тутумунда жигердүү эмгектенүүдө өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин жана Жалал-Абад облустук сотунун ведомстволук сыйлыктарын тапшырып иштерине албан ийгиликтерди каалады.