2026-жылдын 30-июнунда Манас шаардык сот адилеттик үйүнүн жыйындар залында Сузак райондук сотуна жаңы дайындалган судьяны тааныштыруу иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чарага Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын орун басары Жекшеналы Курманбаев, Жалал-Абад облустук сотунун, Манас шаардык сотунун жана Сузак райондук сотунун судьялары катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Жекшеналы Курманбаев Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын биринчи жолу беш жылдык мөөнөткө дайындоо жөнүндө» Жарлыгына ылайык, Асанакунова Назира Кудайбердиевна Сузак райондук сотунун судьясы болуп дайындалганын билдирди.
Өз сөзүндө ал жаңы дайындалган судьяны куттуктап, жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады. Ошондой эле сот адилеттигин ишке ашырууда мыйзамдуулукту, көз карандысыздыкты жана калыстыкты башкы принцип катары кармануу зарылдыгын белгилеп, судьяларды ар бир иш боюнча мыйзамдуу, негиздүү жана адилеттүү соттук актыларды кабыл алып, жарандардын сот бийлигине болгон ишенимин бекемдөөгө багытталган ишмердүүлүктү жүргүзүүгө чакырды.
Иш-чаранын соңунда жаңы дайындалган судьяга жооптуу кызматында ийгиликтер кааланып, сот адилеттигин ишке ашырууда жогорку кесипкөйлүктү, ак ниеттүүлүктү жана мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылууга багытталган үзүрлүү эмгек тиленди.




