KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03722) 5 - 49 -62 г. Джалал-Абад, ул. Т. Байзакова 101
Кайрылуу жиберүү

Ноокен райондук сотунда коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чара өткөрүлдү

29 декабря 2025

2025-жылдын 18-декабрында Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук сотунда 2025–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумундагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу маселесине арналган кеңешме болуп өттү.


Иш-чарага Ноокен райондук сотунун төрайымы Ойниса Эгембердиева, судьялар, сот аппаратынын кызматкерлери, ошондой эле прокуратура, УКМК, ички иштер органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.


Төрагалык кылуучу Ойниса Эгембердиева жыйындын негизги максаты 2025–2027-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын сот тутумунда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегияны жана Жогорку сот тарабынан бекитилген иш-чаралар планын ишке ашыруу экенин белгиледи. Ал коррупция мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун төмөндөтүп, жарандардын ишенимине терс таасир тийгизерин айтты. Коррупцияга каршы аракеттенүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп саналарын белгилеп, бул багыттагы иш-чараларды координациялоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу орган катары Башкы прокуратура аныкталганын билдирип, сөздү Ноокен районунун прокурору Санжар Илиясовго берди.


Ноокен районунун прокурору Санжар Илиясов коррупцияга каршы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарына жана сот органдарынын бул багыттагы ролуна токтолду.


Ошондой эле УКМКнын Ноокен райондук бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Романов акыркы мыйзамдык өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берип, коррупциялык кылмыштар үчүн жоопкерчиликтин олуттуу түрдө күчөтүлгөнүн белгиледи.


Жыйынтыгында төрайым Ойниса Эгембердиева жыйындын катышуучуларына ыраазычылык билдирип, коомубуздагы ар кандай коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюп, элдин мамлекеттик органдарга болгон ишенимин жогорулатып, мыйзамдарды так сактоо менен иштөөгө тийиш экендигин билдирди.