KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03722) 5 - 49 -62 г. Джалал-Абад, ул. Т. Байзакова 101
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад облустук сотунда жер маселелери боюнча экинчи ирет тегерек стол өткөрүлдү

09 февраля 2026

Манас шаарындагы Сот адилеттик үйүндө Жалал-Абад облустук жана Манас шаардык сотторунун демилгеси менен жарандардын жер тилкелерине болгон укуктарын тариздөөдө жаралып жаткан көйгөйлөрдү талкуулоого арналган тегерек стол экинчи ирет уюштурулду.


Иш-чарага облустук, шаардык жана райондук соттордун судьялары, Манас шаардык мэриясынын, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын, прокуратура органдарынын, ошондой эле Жер ресурстары, кадастр жана архив кызматтарынын өкүлдөрү катышты.


Жыйындын жүрүшүндө буга чейинки тегерек столдо көтөрүлгөн маселелердин негизинде аткарылган иш-чаралар талданып, жер маселелеринин жаралышына себеп болгон жагдайларды четтетүү боюнча көрүлгөн чаралар боюнча тиешелүү органдардын маалыматтары угулду. Манас шаардык мэриясынын өкүлдөрү мурда аныкталган көйгөйлөрдү жоюу максатында иштер жүргүзүлүп жатканын, атайын комиссия түзүлүп, маселелерди кароо процесси башталганын билдиришти.