Жалал-Абад облустук сот адилеттик үйүнүн жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата сот тутумунун кызматкерлеринин сыйлоо аземи болуп өттү.
Жыйынга Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы, областтык соттун судьялары, шаардык, административдик сотторунун төрагалары, судьялар жана аппарат кызматкерлери катышышты.
Төрага Жыпар Сабырова иш чараны ачып, сот тутумун судьяларын жана аппарат кызматкерлерин келе жаткан Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
Андан соң, сот тутумунда жигердүү эмгектенүүдө өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына карата, өзүнүн милдеттерин так жана ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы, Сот тутумуна кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Жалал-Абад шаардык мэриясынын жана облустук сотунун ведомстволук сыйлыктарын тапшырып иштерине албан ийгиликтерди каалады.