KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03722) 5 - 49 -62 г. Джалал-Абад, ул. Т. Байзакова 101
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад облустук сотунда этикалык нормаларды жана мыйзамдуулукту так сактоо керектиги талкууланды

26 августа 2025

Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын административдик иштер боюнча орун басары Жекшеналы Курманбаев, судьялар Асанбек Тойгонбаев, Альгис Шукуралиев, Административдик сотун судьялары жана аппаратынын кызматкерлерине жыйын өткөрдү.


Өз сөзүндө төраганын орун басары Жекшеналы Курманбаев аппарат кызматкерлерине этикалык нормаларды жана мыйзамдуулукту так сактоого жана сотко кайрылган жарандарга сылык мамиле жасоого чакырды. Сот отурумунун катчыларына толук сот отурумунун протоколун даярдоо процесстик мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө жазууну, иштер боюнча түшкөн апелляциялык жана кассациялык даттануулар тиркелген документтерине тизме түзүү менен иштин материалдарына тигилүүгө жата тургандыгын белгилеп өттү.


Ошондой эле соттор менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төраганын орун басары Нургуль Бакированын (Жарандык абал актыларынын жазууларынын туура эместиктерин аныктоо боюнча соттук тажрыйбаны жалпылоо), (Административдик иштер боюнча доо арыздар менен кайрылуу мөөнөттөрү) боюнча катынын негизинде, ошондой эле Жогорку соту тарабынан бузулган сот актылар боюнча анализ, талкуулоо жүргүзүлдү.


Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы