Жалал-Абад шаардык сотуна жаңы судья дайындалды
Бүгүн 13-август күнү Жалал-Абад облустук сот адилеттик үйүнүн жыйындар залында облустук сотунун төрагасы Каныбек Токтосун уулу Жалал-Абад шаардык сотуна жаңыдан дайындалган судьяны Жалал-Абад шаардык сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлерине тааныштырды.
Жыйында төрага Каныбек Токтосун уулу Кыргыз Республикасынын Президенттин биринчи жолу беш жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо тууралуу жарлыгы менен Абдылдаева Айдана Узакбаевна Жалал-Абад шаардык сотуна дайындалганын билдирип, шаардык сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери менен мыйзам алкагында, негиздүү жана калыс соттук акт чыгарып иштөөгө үндөдү.
Сот адилеттигин кынтыксыз жүзөгө ашыруусун камсыздоо үчүн аппарат кызматкерлери судьяларга мыйзамда каралган толук шарттарды түзүү менен көмөк көрсөтүүгө чакырды. Кызматкерлердин өз ишинде тактыкты, ыкчам жана убагында милдеттерин аткаруу зарылдыгын белгилеп, жаңыдан дайындалган судьяга жооптуу жана татаал кызмат ордунда ийгиликтерди каалады.