Кезектеги жолугушуу Ала-Бука районунун Айры-Там айыл аймагында өттү. Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Жыпар Сабырова, облустук жана райондук мамлекеттик органдардын жетекчилери, облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар аймактагы бир катар орчундуу көйгөйлөрдү көтөрүштү. Алар ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, маданият үйү жаңылоо муктаждыгы, ички жолдордун абалы, чарбалык каналдарды оңдоо, мектеп жана бала бакча куруу, ошондой эле инфраструктуралык жана социалдык багыттагы маселелер боюнча сунуштарын жана кайрылууларын билдиришти.
Жолугушууда Жыпар Сабырова жарандардын сот тармагына байланышкан суроолоруна жооп берип, жарандардын арыз-даттануулары кабыл алынды.
Белгилей кетсек, буга чейин ушул сыяктуу жолугушуулар Ала-Бука районунун Ала-Бука, Т.Балтагулов, Ынтымак айыл аймактарында өткөрүлгөн.




