KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03722) 5 - 49 -62 г. Джалал-Абад, ул. Т. Байзакова 101
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад облусунда эл менен жолугушуулар уланууда

16 июня 2026

Кезектеги жолугушуу Аксы районунун Сары-Челек айыл аймагында өттү. Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Жыпар Сабырова, облустук жана райондук мамлекеттик органдардын жетекчилери, облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар аймактагы актуалдуу көйгөйлөрдү көтөрүп, ичүүчү таза суу менен камсыздоо, токой чарбасына байланышкан маселелер, ички жолдордун абалы, заманбап оорукана жана бала бакча куруу, селден жабыркаган көпүрөнү калыбына келтирүү, ошондой эле инфраструктуралык жана социалдык багыттагы маселелер боюнча сунуштарын жана кайрылууларын билдиришти.


Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Жыпар Сабырова сот тармагына байланышкан суроолорго жооп берип, жарандардын арыз-даттанууларын кабыл алды.


Белгилей кетсек, буга чейин ушул сыяктуу жолугушуулар Аксы районунун Уч-Коргон, Ак-Суу, Кош-Дөбө, Ак-Жол, Кара-Камыш айыл аймактарында жана Кербен шаарында өткөрүлгөн. Эл менен жолугушуулар облус аймагында мындан ары да улантылат