Манас шаардык сотунун демилгеси менен «Сот адилеттик үйүндө» «Улуттук дем–дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу боюнча иш-чара өткөрүлдү.
Иш чарага, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил, социалдык жана тарбия иштери боюнча проректору Абубакир Маматумаров, Жалал-Абад облустук, Манас шаардык жана Жалал-Абад облусунун административдик сотунун төрагалары, судьялары жана аппарат кызматкерлери катышты.
Манас шаардык сотунун төрагасы Адилет Шаршеев өз сөзүндө, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 369 «Улуттук дем–дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө Жарлыгын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын буйругу менен сот тутуму үчүн иш-планы бекитилгендигин. Иш-планына ылайык, илимий интеллигенция өкүлдөрүнүн катышуусу менен мамлекеттүүлүк, улуттук идеология, укуктук аң-сезим темаларына лекцияларды угуу иш чарасы пландалганын билдирди. Иш-чараны өткөрүү үчүн Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий интеллигенция өкүлдөрү чакырылгандыгын белгиледи.
Өз кезегинде, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил, социалдык жана тарбия иштери боюнча проректору Абубакир Маматумаров, азыркы учурда Манас шаарынын баардык мекемелеринде» «Улуттук дем–дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу боюнча иш-чаралар өткөрүлүп жаткандыгын билдирип, жана ал боюнча кеңири баяндама жасады.
Иш чаранын соңунда, Манас шаардык сотунун төрагасы Адилет Шаршеев, Абубакир Маматумаровго ыраазычылык билдирип, атайын келип уңгужол тууралуу кеңири чагылдырып бергендиги үчүн терең ыраазычылык билдирип, Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Жыпар Сабыровага сөз берди.
Өз сөзүндө Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Жыпар Сабырова, Абубакир Маматумаровго келгендиги үчүн ыраазычылык билдирип, “Эл барда эл болот, элден тышта журт болбойт” деген сөзүнө толук кошуларын айтты.