Манас шаарындагы Сот адилеттик үйүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Осконбаев жана судья Чынара Айдарбекова тарабынан «Конституционализм мектеби» аталышындагы окутуу тренинги уюштурулду. Иш-чарага Жалал-Абад облусунун жергиликтүү сотторунун судьялары катышты.
Тренингди Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Жыпар Сабырова ачып, катышуучуларды тааныштырып, андан соң сөз Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Осконбаевге берилди.
Өз сөзүндө Эмиль Осконбаев конституционализмдин мамлекеттин жана коомдун өнүгүшүндөгү ролуна токтолуп, сот адилеттигин камсыз кылуунун маанисин белгиледи. Ошондой эле Конституциялык соттун чечимдеринин мыйзам чыгаруу процесси менен соттук практикага тийгизген таасири тууралуу кеңири баяндама жасады.
Ал эми Конституциялык соттун судьясы Чынара Айдарбекова судьялардын кайрылууларын кароонун өзгөчөлүктөрү, Конституциялык соттун актыларынын юридикалык күчү (айрым чечимдердин мисалында), ошондой эле талаш-тартыш жараткан ченемдик укуктук актылардын конституциялуулугун баалоодо колдонулган ыкмалар боюнча маалымат берди.
Иш-чаранын алкагында катышуучулар конституциялык контролдун актуалдуу маселелерин талкуулап, тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк алышты.
Жыйынтыгында, Жыпар Сабырова конокторго ыраазычылык билдирип, мындай окуу иш-чаралары судьялардын кесиптик деңгээлин жогорулатууда маанилүү экенин белгиледи.
Тренингдин соңунда катышуучуларга тиешелүү сертификаттар тапшырылды.




