Жалал-Абад Cот адилеттик үйүндө Сот департаментинин 30 жылдыгына карата сыйлык тапшыруу иш чара болуп өттү.
Жалал-Абад Сот адилеттик үйүнүн жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата ведомствонун сыйлыктарын салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү.
Жыйынга Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Каныбек Токтосун уулу, Жалал-абад Сот департаментинин башчысы Алмаз Токтосунов, судьялар жана аппарат кызматкерлери катышышты.
Төрага Каныбек Токтосун уулу иш чараны ачып, жыйындын катышуучуларды, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдык маарекеси менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди кааларын билдирди. Ошону менен бирге кызматкерлерди мыйзамдардын талаптарына ылайык иш алып барууга чакырды.
Андан соң, кесиптик жетишкендиктери жана жүктөлгөн милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн Жалал-Абад облусунда өзгөчөлөнгөн судьялар, аппарат кызматкерлери, сот аткаруучулары жана сот приставдары Сот департаментинин төш белгилери, Ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты