KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03722) 5 - 49 -62 г. Джалал-Абад, ул. Т. Байзакова 101
Кайрылуу жиберүү

Ала-Бука райондук сотунда “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолуна арналган иш-чара өткөрүлдү

01 декабря 2025

Ала-Бука райондук сотунда «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун алкагында «Манас угуу декадасына» арналган иш-чара уюштурулду.


Иш-чарага Ала-Бука райондук сотунун аппарат кызматкерлери «Манасу угуу декадасына» өздөрү даярданышып сот кызматкерлерине «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү айтып, эпостун тарыхый маңызы, мазмуну жана тарбиялык багыты тууралуу маалымат беришти.


Иш-чаранын жүрүшүндө кызматкерлер эпос тууралуу кызыктуу маалыматтарды угуп, өздөрүн кызыктырган Манас тууралуу маалыматтарды алышты.


Соңунда райондук соттун төрагасы Камбарбек Бейшеев иш-чаранын кызматкерлер үчүн пайдалуу болгонун белгилеп, Ала-Бука райондук сотунун кызматкерлерине «Манас угуу декадасына» даярданганын жана мазмундуу баяндамасы үчүн ыраазычылык билдирди.