Жалал-Абад облусунун Аксы райондук соту Кербен шаарындагы Т.Үмөталиев атындагы №35 орто мектебинин 11-классынын окуучулары үчүн ачык эшик күнүн өткөрдү.
Төрага Азат Доулбеков жана судьялар мектеп окуучуларына Аксы райондук сотунун имараты, сот залы менен тааныштырып, аларга сот системасы тууралуу айтып, өлкөбүздө жүрүп жаткан сот-укуктук реформа жана судьялардын кызматтык милдеттери жөнүндө, сот залындагы аудио жана видео жаздыруу системасынын иштөөсү, сот отурумунун жүрүшү боюнча, АМС программасы туурасында маалыматтар берилди.
Мектеп окуучулары жашы жете элек балдар тарабынан жасалган кылмыштардын жоопкерчилиги, иштерди кароо мөөнөттөрү, судьялык кызматка дайындалуу тартиби жана башка бир катар суроолорду беришти.
Иш чаранын соңунда төрага Азат Доулбеков өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу максатында окуучуларга кылмыштын жоопкерчилиги жана алардын келечегине терс таасирин тийгизе тургандыгын айтып, окууларында ийгиликтерди каалады.
Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Торомаматов