Жалал-Абад облусунун Аксы райондук сотунда “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу боюнча иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага Аксы райондук сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери, Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Гулбайрам Умаркулова, ошондой эле Аксы районундагы №63 К. Сапаралиев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин 10-классынын окуучусу Таттыбүбү. Бакытбекова катышты.
Иш-чаранын максаты — улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик уңгусун ишке ашыруу жана Манас угуу маданиятын жайылтуу болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Гулбайрам. Умаркулова “Манас” эпосу, анын мазмунун, тарыхый мааниси жана манас эпосундагы адилеттүүлүк, акыйкаттык тууралуу үзүндүлөргө кеңири токтолуп, маалымат берип өттү.
Ошондой эле, 2025-жылы өткөрүлгөн Манас айтуу боюнча республикалык сынактын баш байгесинин ээси, мектептин окуучусу Таттыбүбү Бакытбекова аппарат кызматкерлерине “Манас” эпосунун үзүндүсүнөн 18 тилде айтып, өзүнүн чеберчилигин көрсөттү.
Жыйындын соңунда катышуучулар Манас үчилтиги жана эпостун тарыхы боюнча келген конокторго өз суроолорун берип, кызыктуу жана мазмундуу жоопторду алышты.




