KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03722) 5 - 49 -62 г. Джалал-Абад, ул. Т. Байзакова 101
Кайрылуу жиберүү

Аксы райондук сотунда “Мамлекеттүүлүк, улуттук идеология жана укуктук аң-сезим” темасында лекциялык жыйын өткөрүлдү.

08 сентября 2025

Аксы райондук сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери, Аксы райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары А. Салиева жана райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Г. Умаркулованын катышуусунда “Мамлекеттүүлүк, улуттук идеология жана укуктук аң-сезим” темасында лекциялык жыйын өткөрүлдү.


Иш-чаранын негизги максаты – Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө” Жарлыгын сот кызматкерлерине кеңири жеткирүү жана коомчулукка жайылтуу болуп эсептелет.


Жыйындын жүрүшүндө А. Салиева өз сөзүндө Жарлыкта белгиленген максаттарды жүзөгө ашыруу – ар бир жарандын ыйык милдети экенин баса белгилеп, Кыргыз Республикасын өнүккөн, күчтүү жана дүйнөлүк аренада татыктуу орунга ээ болгон мамлекетке айландыруу үчүн биргелешип аракеттенүү керектигин билдирип, ошондой эле, ал эгемендүүлүк — элдин эң башкы сыймыгы экенин белгилеп өттү.


Билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Г. Умаркулова билим берүү тармагында Жарлыктын негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана тажрыйбалар менен бөлүшүп, “Улуттук дем” — бул элдин биримдигин, мекенди сүйүү сезимин жана аны коргоо жоопкерчилигин арттырууга багытталган маанилүү идея экенин белгиледи.


Жыйын жүрүшүндө катышуучулар арасында жогорудагы тема боюнча суроо-жооптор, пикир алмашуулар жана талкуулар уюштурулуп, тиешелүү кеңири маалыматтар берилди.