KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03722) 5 - 49 -62 г. Джалал-Абад, ул. Т. Байзакова 101
Кайрылуу жиберүү

Аксы райондук сотунда мектеп окуучуларына “Ачык эшик” күнү уюштурулду.

03 октября 2025

Жалал-Абад облусунун Аксы райондук соту Аксы районунун прокуротурасы менен биргеликте райондун мектеп окуучулары үчүн ачык эшик күнү уюштурулду.


Төрага Азат Доулбеков жана райондун прокурору Мирлан Сооронкулов Аксы районунун мектептеринин окуучулары менен жоолугушуп, соттун имараты, сот залы менен тааныштырып, аларга жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу жана сот системасы тууралуу, бүгүнкү күндө болуп жаткан соттук реформалар, коррупциялык иштерге жол бербөө жөнүндө иш чаралар жүргүзүлүп тураары жөнүндө айтып, баардык иштер ачык аудио жана видео жазмаларга жазылуу менен сот отурумдары карала тургандыгы тууралуу маалыматтарды берди.


Иш чаранын жүрүшүндө мектеп окуучулары жашка жете элек балдар тарабынан жасалган кылмыштардын жоопкерчилиги, иштерди кароо мөөнөттөрү, судьялык кызматка дайындалуу тартиби жана башка бир катар кызыктуу суроолорду беришип, жооп алышты.


Иш чаранын соңунда Аксы райондук сотунун төрагасы Азат Доулбеков мектеп окуучуларына туура кесип тандоо зарылдыгын жана өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу максатында окуучуларга кылмыштын жоопкерчилиги жана алардын келечегине терс таасирин тийгизээри тууралуу кененирээк токтолуп, окуучуларга кең келечек каалады.