Жалал-Абад облусунун Административдик сотунда кызматкерлердин коррупцияга каршы билимин жогорулатуу максатында атайын иш-чара уюштурулду.
Жыйынга төрага Азис Абылов, судья Эдуард Колопов жана сот аппаратынын кызматкерлери катышып, коррупцияга каршы аракеттер боюнча маалымдуулугун арттырышты.
Иш-чаранын алкагында кызматкерлерге коррупциянын алдын алуу, мыйзамдарды сактоо жана кызыкчылыктардын кагылышын болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, сот органдарында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан чаралар тууралуу кеңири маалымат берилди. Кызматкерлерге өз ишинде мыйзамдуулукту сактоо, жүрүм-турум этикасы жана коррупциялык укук бузууларга жол бербөө боюнча милдеттери эске салынды.
Мындан тышкары, Азис Абылов сот кызматкерлерине соттук актыларды тараптарга өз убагында тапшыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, жарандар менен сылык жана сый мамиледе болуу керектигин эскертти.
Жыйындын соңунда төрага апарат кызматкерлерине дрескод жана этика нормаларын сактоо боюнча тапшырмалар коюлду.




