Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын буйругунун негизинде “Манас руху-улуттук дем жана улуттук нарк” аттуу балдар арасындагы сүрөт сынагын өткөрүү жөнүндөгү убактылуу жобосунун негизинде 14 жашка чейинки сот тутумунун кызматкерлеринин балдарынын арасында сүрөт сынагы жарыяланган.
Жалал-Абад облустук сонунунан түзүлгөн сынак комиссиясы тарабынан, сынактын жеңүүчүлөрүн аныктап, жыйынтыгында “мыкты” деп табылган сүрөт, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна жөнөтүлгөн.
Жогорку сотто өткөрүлгөн «Манастын руху –улуттук дем жана улуттук нарк» аттуу сүрөт сынагында жеңүүчүлөр аныкталып, сынактын катышуучуларына белектер жиберилди.
Ноокен райондук сотунун төрайымы Ойниса Эгембердиева жана судьяларынын катышуусунда жеңүүчү деп табылган Ноокен райондук сотунун бөлүм башчысы Курбанбек Мажитовтун 11-жаштагы кызы Айдай Сапарбаева Жогорку соттун белегин тапшырышып, жаш сүрөтчүгө чыгармачылык ийгиликтерди каалап өтүштү.




