Жалал-Абад облусунун сот тумунун эмгек жамааты ишембилик өткөрүштү
Сот адилеттик үйүнүн жалпы жамааты ишембиликтин алкагында Жалал-Абад шаарындагы Мамыр Баатыр көчөсүн жана соттун жанаша жайгашкан аймактарын тазалап чыгышты.
Ишембилик Жалал-Абад шаарынын аймагында айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуу боюнча жарыяланган үч айлыктын алкагында өткөрүлдү.
Ошондой эле Жалал-Абад областынын райондук жана шаардык сотунун кызматкерлери тарабынан сот имаратынын айланасын иретке келтиришти.
Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Торомаматов