Манас шаарындагы Сот адилеттик үйүнүн конференц-залында 5-март — Кыргыз Республикасынын «Сот тутумунун кызматкерлеринин күнү» кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Жыпар Сабырова, облустук соттун судьялары, райондук жана шаардык соттордун судьялары, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери, күч түзүмдөрүнүн башчылары жана сот аппаратынын кызматкерлери катышышты.
Өз сөзүндө төрайым Жыпар Сабырова кесиптештерин майрамы менен чын дилден куттуктап, сот кызматкеринин кесиби – бул чоң ишеним, бийик жоопкерчилик жана бекем принциптерди талап кылган ардактуу кызмат экендигин баса белгилеп, жалпы жамаатка ийгиликтерди каалады.
Ошондой эле, иш чарага ардактуу конок катары катышкан Тилек Текебаев – Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ошондой эле облустун прокурору Турусбек Ишеналиев, Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы Марлис Асанов, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Саламат Сартов жана башка мамлекеттик мекемелердин жетекчилери өз куттуктоолорун жолдошуп, сот тутумунун коомдогу орду өзгөчө экенин белгилешти.
Майрамдын алкагында кызматтык милдеттерин ак ниеттик менен аткарып, жогорку кесипкөйлүгүн көрсөткөн бир катар судьялар жана сот аппаратынын кызматкерлери медалдар, Ардак грамоталар жана алкыш барактары менен сыйланышты.




