Токтогул райондук соту карыяны майрамы менен куттукташты
1-октябрь Карылардын эл аралык күнүнө карата Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери, жыл сайын материалдык жактан жардам көрсөтүлүп келген Токтогул шаарынын тургуну Владимир Щербаковду майрамы менен куттукташып, материалдык жардам көрсөтүшүп, карыянын батасын алышты.