Сузак райондук сотунун судьясына медаль тапшырылды
Бүгүн 15-октябрь 2024-жылы Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Каныбек Токтосун уулу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 100 жылдыгына карата, Сузак райондук сотунун судьясы Индира Джунушалиеваны Кыргыз Республикасынын Ички Иштер Министрлигинин кызматкерлеринин жубайларынын туруктуулугу жана укук коргоо органдарында кызмат өтөөдө жолдошуна көргөзгөн жардамы үчүн. Офицер кызматкердин жубайына, жолдошу милиция кызматында талыкпай эмгектенгендиги үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ардагерлер кеңешинин тарабынан 10-октябрь 2024-жылдагы чечими менен «Офицердин жубайы» медалы ыйгарылгандыгын жарыялап, расмий тапшыруу аземи болду.