KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03722) 5 - 49 -62 г. Джалал-Абад, ул. Т. Байзакова 101
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад облустук сотунун судьясы АКШда өткөн эл аралык конференцияга катышты

29 октября 2024

Жалал-Абад облустук сотунун судьясы АКШда өткөн эл аралык конференцияга катышты.


2024-жылдын 17-октябырынан  19-октябрына чейин Жалал-Абад облустук сотунун судьясы Кыдыралиева Нурзат Амантуровна АКШнын Калифорния штатындагы Сан-Диего шаарында аял-судьялардын Улуттук ассоциациясы тарабынан уюшулган «Сот адилеттигинин өткөндөгүсүн, учурду жана келечегин байланыштыруу»аттуу жыл сайын өтүүчү эл аралык конференцияга катышты.


Конференцияга дүйнө жүзү боюнча 500дөн ашык судья жана укук коргоочулар катышып, судьялардын кесиптик квалификациясын жогорулатууга жана адилеттүү жана инклюзивдүү сот системасын түзүүгө көмөктөшүүчү стратегияларды иштеп чыгууга багытталган билим берүү программаларын талкуулоо үчүн уникалдуу аянтчаны түзүлдү.


Конференцияда жасалма интеллект, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү, иммиграция, адамдарды сатуу жана калктын аярлуу топторун коргоону күчөтүү зарылдыгы, ошондой эле адилеттүү сот чечимдерин кабыл алуу жана тең укуктуу сот системасын түзүү, судьялардын коопсуздугу сыяктуу темалар талкууланды.


Ошондой эле судья Кыдыралиева Нурзат Амантуровна Сан-Диего округунун Жогорку сотуна, Калифорниянын Түштүк округунун Федералдык округдук сотуна, Сан-Диего университетине эл аралык судьялардын таанышуу сапарларына катышты. Бул сапардын жүрүшүндө судьялар сот отурумдарына барып, иштерди кароо тартиби менен таанышып, АКШнын райондук сотунун судьялары менен жолугушуп, калктын аярлуу топторун колдогон уюмдар менен өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты. Бул иш сапар тажрыйба алмашуу жана билим алуу үчүн маанилүү аянтча болуп калды.