KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03722) 5 - 49 -62 г. Джалал-Абад, ул. Т. Байзакова 101
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад облусунун соттору балдарды коргоо күнү менен куттукташты.

02 июня 2025

Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Жыпар Сабырова жана Ноокен райондук сотунун төрагасы Ойниса Эгембердиева, судья Нурия Акбалаева 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Ноокен районундагы Ж.Ниязов атындагы жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак мектебине барышып, балдар жана тарбиялоочулар менен жолугушту.


Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Жыпар Сабырова балдар үйүнүн кызматкерлерине балдарга аяр жана камкор мамилеси үчүн ыраазычылык билдирип, балдарды майрамы менен куттуктап облустук, райондук жана шаардык соттору тарабынан 100 000 сом мектептин керектүүлүгүнө иштетүү үчүн акчалай жардам корсөтүп, Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктап, чың ден соолук, окууларында ийгиликтерди жана жайкы каникулдарды мыкты өткөрүү үчүн жылуу каалоолор айтты.


Ж.Ниязов атындагы жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак мектебинин кызматкерлери судьяларга жана сотунун кызматкерлеринин аларга көңүл буруп, камкордук көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылыгын билдиришти.