Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Жалал-Абад облустук сотунун уюштуруусу менен сот адилеттик үйүнүн кызматкерлеринин арасында кичи футбол мелдеши болуп өттү.
Бул спорттук мелдеште жалпысынан 6 команда ат салышты. Ар бир команда футбол боюнча өздөрүнүн мыкты даярдыгын көрсөтүштү. Жыйынтыгында мыкты деп табылган 3 командага кубок, грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Биринчи орунду жана Сот адилеттик үйүнүн өтмө кубогу менен Жалал-Абад облустук сотунун кызматкерлери сыйланышса, экинчи орунду Жалал-Абад шаардык сотунун кызматкерлери алышты. Ал эми үчүнчү орунга Административдик сотунун командасы татыктуу болду.
Мындан сырткары мелдештин шартында көргөзүлгөн “Мыкты дарбазачы”, “Мыкты коргоочу”, “Мыкты оюнчу”, “Мыкты чабуулчу” номинациялар боюнча да татыктуулар аныкталып, грамоталар менен сыйланышты.
Турнирдин соңунда облустук сотунун төрайымы Жыпар Сабырова турнирдин жеңүүчүлөрүн куттуктап, спорттук мелдештерге катышкан бардык катышуучуларга терең ыраазычылык билдирип, кызматкерлер арасында кичи футбол оюндары мындан ары да уланаарын билдирди.