Сузак райондук Сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн уюштуруусу менен сот Адилеттик үйүнүн кызматкерлери арасында кичи футбол таймашы болуп өттү.
Турнирди ачып жатып, облустук соттун төрагасы Каныбек Токтосун уулу спорт эмгекке жана адамдын ден соолугуна туура мамиле жасоону үйрөтүп, кызматкерлердин ортосундагы ынтымакты бекемдей тургандыгын белгиледи.
Бул спорттук мелдеште жалпысынан 6 команда ат салышты. Ар бир команда футбол боюнча өздөрүнүн мыкты даярдыгын көрсөтүштү. Жыйынтыгында мыкты деп табылган 3 командага кубок, грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Биринчи орунду жана Жалал-Абал облустук сотунун төрагасынын өтмө кубогу менен Жалал-Абад облустук сотунун кызматкерлери сыйланышса, экинчи орунду Жалал-Абад шаардык сотунун кызматкерлери алышты. Ал эми үчүнчү орунга Сузак райондук САКБнын командасы татыктуу болду.
Мындан сырткары мелдештин шартында көргөзүлгөн “Мыкты дарбазачы”, “Мыкты коргоочу”, “Мыкты оюнчу”, “Мыкты чабуулчу” номинациялар боюнча да татыктуулар аныкталып, грамоталар менен сыйланышты.
Каныбек Токтосун уулу турнирдин жеңүүчүлөрүн куттуктап, спорттук мелдеште бардык катышуучуларына терең ыраазычылык билдирип, кызматкерлер арасында кичи футбол боюнча оюндар мындан ары улантылаарын билдирди.
Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Торомаматов