Кыргыз Республикасынын Президентинин №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын жүзөөгө ашыруу максатында массалык ишембилик белгиленген.
Сот Адилеттик үйүнүн жалпы жамааты ишембиликтин алкагында Жалал-Абад шаарындагы Мамыр батыр атындагы көчөсүн жана соттун жанаша жайгашкан аймактарын тазалап чыгышты.
Мындан тышкары ишембиликке Аксы райондук соту дагы активдүү катышып, сот карамагындагы административдик имаратына жанаша жайгашкан аймактарын санитардык тазалоо боюнча иштер жүргүзүлдү.




