KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03722) 5 - 49 -62 г. Джалал-Абад, ул. Т. Байзакова 101
Кайрылуу жиберүү

Сот кызматкерлери Таш-Көмүр шаарныда “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолуна арналган иш-чарага катышышты

03 декабря 2025

Таш-Көмүр шаарынын Маданият үйүндө Таш-Көмүр шаардык мэриясы тарабынан уюштурулган “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашыруу максатында, жергиликтүү калктын, мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин, ошондой эле жалпы, жогорку жана атайын орто билим берүү мекемелеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу өткөрүлдү. Иш-чарага шаардык соттун кызматкерлери да катышышты.


Жолугушууга Кыргыз элинин Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Матубраимов Аламамбет Матубраимович, КР Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун башкы эксперти Кошлаиев Кадыр Амиракулович, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору Калчакеев Кубанычбек Бекболотович жана К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин профессору Дүйшеев Жеңишбек Аматисакович баштаган таанытым топ катышты.


Жолугушууда Кыргыз улутуна таандык нарк-нусканы бекемдөө, эл-жерге болгон ыйык сезимди жана мекенге болгон сүйүүнү арттыруу, патриоттуулукка үндөө боюнча кеңири түшүндүрмө иштери жүргүзүлдү. Ошону менен бирге улуу кыргыз элинин руханий мурасы болгон Манас эпосунун баалуулугу, анын тарыхый жана тарбиялык мааниси тууралуу баяндамалар жасалды.