Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03722) 5 - 49 -62 г. Джалал-Абад, ул. Т. Байзакова 101
Кайрылуу жиберүү

Сот кызматкерлери үчүн «InfoDocs» электрондук документ жүгүртмөсү боюнча окутуу иш-чарасы өттү

26 февраля 2025

Сот кызматкерлери үчүн «InfoDocs» электрондук документ жүгүртмөсү боюнча окутуу иш-чарасы өттү


 


Жалал-Абад шаарындагы Сот Адилеттиги үйүнүн имаратынын жыйындар залында «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Азиза Нышанова «InfoDocs» электрондук документ жүгүртүү системасы менен иштөө боюнча сот кызматкерлерине окутуу өткөрүлдү.


Окууга Жалал-Абад облусунун жергиликтүү сотторунун судьялары жана аппарат кызматкерлери, Сот департаментинин облустук башкармалыгынын кызматкерлери, сот департаментинин приставдар бөлүмүнүн жана сот аткаруучулар бөлүмүнүн кызматкерлери катышышты.


 


Окутуунун негизги максаты «InfoDocs» электрондук документ жүгүртүү системасында иштөөнү өздөштүрүү, сот системасынын жаңы иштөө форматына эффективдүү өтүүгө багытталган


Окутуунун жүрүшүндө судьялар жана сот кызматкерлери кызыктырган суроолорун беришип, жоопторун алышты.