Манас шаарындагы Сот адилеттик үйүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев дин демилгеси менен Жалал-Абад облустук соту жана УТРК Жалал-Абад каналынын өкүлдөрүнүн катышуусунда судьялар үчүн кезектеги атайын окутуу-тренинг уюштурулду.
Иш-чаранын негизги максаты — процессуалдык мыйзамдарга киргизилген акыркы өзгөртүүлөрдү кеңири түшүндүрүү жана аларды сот практикасында бирдиктүү колдонуу механизмдерин талкуулоо болду.
Жаңы тартипке ылайык, сот отурумдарын онлайн форматта түз алып көрсөтүү жана аудио-видео жаздыруу милдеттүү түрдө жүргүзүлөт. Бул чара сот өндүрүшүнүн ачык-айкындуулугун камсыздоого жана жарандардын сот адилеттигине болгон ишенимин арттырууга багытталган.
Семинардын жүрүшүндө онлайн көрсөтүүнү уюштуруунун тартиби, техникалык жана маалыматтык коопсуздук талаптары, ошондой эле процесстин катышуучуларынын укуктарын сактоо маселелери практикалык мисалдар аркылуу кеңири түшүндүрүлдү. Катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алып, тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк алышты.




