KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03722) 5 - 49 -62 г. Джалал-Абад, ул. Т. Байзакова 101
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад облусунун жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн “Тегерек стол” өткөрүлдү

24 ноября 2025

Бүгүн Манас шаарынын Сот адилеттик үйүнүн имаратында Жалал-Абад облустук сотунун судьялары тарабынан “Жарандык иштер боюнча сот өндүрүшүнүн тараптары жана ишке катышуучу жактар”- деген  темада тегерек стол өткөрдү.


Тегерек столго Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы, облустук, шаардык жана райондук соттордун  судьялары катышты.


Жалал-Абад облустук сотунун судьясы модератор — Бекболот Сейталиев тегерек столду ачып облустук сотунун төрайымы Жыпар Сабыровага сөз берди.


Облустук сотунун төрайымы Жыпар Сабырова тегерек столдун катышуучулары менен саламдашып. “Жарандык иштер боюнча сот өндүрүшүнүн тараптары жана ишке катышуучу жактар”- деген темадагы тегерек столго байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда жана жергиликтүү соттордо иш кагаздарын жүргүзүү боюнча нускамалар” жана “Кыргыз Республикасынын судьяларынын кесиптик баалоонун критерийлери: практикалык колдонуу” тууралуу баяндама жасады.


Модератор Бекболот Сейталиев бүгүнкү теманы жарыялап, төрайымдын баяндамасы менен тегерек столдун байланышы жөнүндө кыскача түшүндүрмө жасады.


Андан соң, тегерек столдун темасы боюнча судьялар талкууну башташып: Жарандык ишти кароодо тараптарды жана жарандык ишке катышкан адамдардын жана ишке катышуучу жактардын чөйрөсүн, алардын өз ара мамилелерин, ошондой эле сот актыларында жарандык ишке катышкан адамдарды, ишке катышкан жактарды аныктоо зарылдыгы. Жарандык иштер боюнча прокурордун доогер катары катышуусу. Жарандык иштер жана соттук материалдар боюнча кызыкдар жактардын, ошондой эле алардын позицияларын аныктоо. Тосмо доо берүүдө жоопкердин процесстик статусу. Өкүл, ишеншенимдүү өкүл, мыйзамдуу өкүл деген түшүнүктөрдү талкуулоо менен жалпылоо жүргүзүлдү.


Анын жыйынтыгы менен аталган багыттар боюнча учурдагы соттук тажрыйба талкууланып, судьялардын пикирлери угулуп, жана иштерди кароодо жетекчилик кылуу үчүн бирдиктүү практика иштелип чыкты.