Жалал-Абад Сот адилеттик үйүндө укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен соттор тарабынан кабыл алынган соттук актылардын аткарылышын көзөмөлдөө максатында жыйын уюштурулду.
Жыйынга, соттун төрагасы Адилет Шаршеев, судьялар Мирлан Байышов, Данияр Астаркулов, Жалал-Абад шаарынын прокурорунун орун басары Т.Эргешбаев, Жалал-Абад шаардык Сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн улук сот аткаруучусу А.Нарбаев, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Ч.Айтимбетов, Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары К.Калыков жана тергөө бөлүмдөрүнүн башчылары М.Сулайманов, А.Борубашев, С.Каратаев катышышты.
Жыйында, соттор тарабынан кабыл алынган жай аныктамалардын жана кылмыш иштер, укук бузуулар жөнүндө соттук материалдар боюнча кабыл алынган соттук актылардын аткарылышы тууралуу талкуу жүргүзүлдү. Жыйындын катышуучулары менен биргеликте соттук актылардын аткаруусуна тийиштүү болгон суроолор талкууланып, бир катар сунуштар, орун алган көйгөйлөр жана кемчиликтер айтылып, мыйзамда белгиленген тартипте иш алып баруу тууралуу эскертилди.
Жыйындын жыйынтыгында, төрагасы Адилет Шаршеев жыйындын катышуучуларына келип катышкандыктары үчүн ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалап, биргеликте тыгыз иш алып баруу зарыл экендигин билдирди.