KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03722) 5 - 49 -62 г. Джалал-Абад, ул. Т. Байзакова 101
Кайрылуу жиберүү

“Электрондук байкоо жүргүзүү” аталышындагы иш чара болуп өттү

20 января 2025

Аксы райондук сотунда “Электрондук байкоо жүргүзүү” аталышындагы иш чара болуп өттү. Иш чарага Аксы райондук сотунун судьялары, аппарат кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин Аксы району боюнча башкармалыгынын кызматкерлери катышышты.


Иш чарада Пробация департаментинин кызматкерлери тарабынан, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 109-1-беренесине ылайык,  иштелип чыккан жана айыпталуучуга карата электрондук байкоо жүргүзүүнү колдонуунун, жүзөгө ашыруунун негиздерин, контролдоонун электрондук жана башка техникалык каражаттарын пайдалануу тартибин жана аткаруунун шарттары боюнча толук маалымат беришти.


Жыйындын соңунда судьялар «Электрондук байкоо» каражаттарын колдонуунун тартиби боюнча бир катар суроолорду беришип, ага жоопторду алышты.