Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин жетекчилиги алдында Көк-Арт айыл аймагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүлдү.
Жыйынга Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Жыпар Сабырова, ошондой эле облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана тиешелүү мамлекеттик кызматтардын жетекчилери катышты.
Жолугушуунун негизги максаты — жергиликтүү калктын көйгөйлөрүн жеринде угуу, актуалдуу маселелер боюнча түшүндүрмө берүү жана мамлекеттик органдар менен элдин ортосундагы ачык диалогду чыңдоо болду.
Көк-Арт айыл аймагынын тургундары тарабынан жайыт маселеси, таза суу жеткирүү, мыйзамдуулукту камсыздоо жана мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусун жакшыртуу боюнча маселелер көтөрүлдү. Ар бир кайрылуу кылдат каралып, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү тарабынан мыйзам чегинде түшүндүрмөлөр жана жооптор берилди.
Иш-чаранын жүрүшүндө калк менен түз байланыш түзүүнүн, жарандардын үнүн угуп, көйгөйлөрдү өз убагында чечүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Ошондой эле аймактарды өнүктүрүү, мыйзамдуулукту бекемдөө жана элдин жашоо шартын жакшыртуу багытындагы иштерди биргелешип жүргүзүү зарылдыгы айтылды.
Белгилей кетсек, буга чейин ушундай эле жолугушуулар Көк-Жаңгак шаарынын тургундары жана Багыш айыл аймагынын эли менен дагы өткөрүлгөн. Мындай жолугушуулар жергиликтүү көйгөйлөрдү жеринде талкуулап, аларды чечүү боюнча натыйжалуу чараларды кабыл алууга өбөлгө түзүүдө.




