Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Каныбек Токтосун уулу Кара-Көл шаарына болгон иш сапарынын алкагында Жалал-Абад облустук сот департаментинин башчысы Алмаз Токтосунов менен бирге аталган соттун жаңы имаратынын ондоп-түздөө иш чарасын көрүп чыкты.
Имарат эки кабаттан туруп, жалпы аянты 230 чарчы метрди түзөт.
Белгилей кетчү жагдай, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин 2023-жылдын 13-мартындагы чечими менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун имараттарын куруу жана капиталдык оңдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин 2023-жылга карата планы бекитилген. Аталган пландын тизмесине Кара-Көл шаардык сотунун жаңы имараты дагы кирип, имаратка капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн каражат бөлүнгөн.
Бүгүнкү күндө, Кыргыз Республикасынын Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин 2023-жылга карата планын аткаруу башталып, анын негизинде Кара-Көл шаардык мэриясы жана Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан 2022-жылдын 24-октябрында Кара-Көл шаардык сотуна өткөрүлүп берилген имараттын капиталдык оңдоп-түзө иштери башталып, иш кызуу жүрүп жатат.
Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Торомаматов