KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03722) 5 - 49 -62 г. Джалал-Абад, ул. Т. Байзакова 101
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Токтогул районундагы судьялар үчүн кызматтык турак жайлардын абалы менен таанышты

10 июня 2026

Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Сабырова Жыпар Жумадиловна Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев жана бир катар мамлекеттик мекемелердин жетекчилери менен биргеликте аймактарда эл менен жолугушууларды өткөрүүдө.

Токтогул районунда өткөн жолугушуудан кийин Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Токтогул райондук сотунун төрагасы жана Токтогул районунун акими менен бирге Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы тарабынан Токтогул райондук сотунун судьяларына берилген кызматтык турак жайлар менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө судьялардын жашоо шарттары, эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр жана коопсуздугун камсыз кылууга байланышкан бир катар маселелер жеринде талкууланып, тиешелүү сунуштар берилди.